Италия Англияны финалдан жеңип, Европа чемпиону болду

Футбол боюнча Италиянын курама командасы Европа чемпиону болду.

12-июлга караган түнү финалдык оюнда Англиянын курама командасы менен Италиянын командасы беттешип, Италия пенальтилер сериясында Англияны жеңип алды.

Оюн Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда өттү. Беттештин 2-мүнөтүндө Англия курама командасынан коргоочу Люк Шоу гол киргизип, эсепти ачты.

Оюндун негизги убактысы 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, кошумча 30 мүнөт берилди. Бирок анда эсеп өзгөргөн жок.

Андан кийин пенальти тебүүдө Италия Англиянын футболчуларын 3:2 эсебинде жеңди.

45 жылдан бери биринчи жолу турнирдин жеңүүчүсү оюндан кийинки бир катар соккулардын жыйынтыгында аныкталды. Муну менен Италия тарыхында экинчи жолу Европа чемпиону аталды. Ал эми Англия биринчи жолу финалда ойноду.

Евро-2020 былтыр 12-июндан 12-июлга чейин өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД