Партиялар кайра шайлоого 34 миллион сом сарптады

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоого катышкан партиялар шайлоо өнөктүгүнө 44 миллион 308 миң сом коротту.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) эсеби боюнча партиялар шайлоого Бишкекте 34 миллион 342 миң сом, Ошто 7 миллион 770 миң сом, Токмокто 2 миллион 140 миң сом жумшады.

11-июлда үч шаарда шайлоо өттү. Баштапкы эсепке ылайык, Бишкекте 18 партиядан алтоо, Ошто сегиз партиядан төртөө, Токмокто алты партиядан бешөө утту. Бул эсеп добуш саноонун акырына чейин өзгөрүшү мүмкүн.

Бишкек менен Ошто 45, Токмокто 31 мандат бар.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, Ички иштер министрлигине жалпы 67 маалымат түштү.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Аталган үч калаада мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД