Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 4788 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
2021-жылдын 2-июлунан тартып, 8-июлга чейин Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 4788 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу -54 айдоочу;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -11;
-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу -53;
– Авто ээнбаштык 3;
-"Коопсуз шаар" долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар авто унаалар-10;
-Башка жол эрежелерин бузуулар -4657
317 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.
Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин таксактоого чакырат.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.