Таалатбек Масадыков жаңы кызматка дайындалды

Өлкөдө Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы пайда болуп, ага эл аралык мамилелер боюнча адис Таалатбек Масадыков дайындалды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров эки жарлык чыгарган.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, жаңы кызмат Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин ишинин майнаптуулугун арттыруу максатында түзүлгөн.

Таалатбек Масадыков Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунан эл аралык мамилелер боюнча адис деген дипломго ээ болгон. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин аскердик милдетин өтөгөн. Афганистан, Россия, Англия сыктуу мамлекеттерде кошумча билим алып, өз кесиби боюнча эмгектенген. 2002-жылы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жумушка чакырылган. Ал аркылуу кайра эле Афганистан, Иран, Пакистан мамлекеттеринде кызмат өтөгөн. 2014-жылдын аягында Кыргызстанга кайтып келип, коомдук ишмердүүлүк менен алектенип жүргөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД