Эксперттер тобокел тобуна кирген кош бойлуу аялдарга коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнү сунушташат. Бул тууралуу Кыргыз акушер-гинекологдор жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору Арсен Аскеров бүгүн, 12-июлда брифинг учурунда билдирди.
Тобокел тобуна кимдер кирет:
- ашыкча салмак менен жабыркаган кош бойлуу аялдар;
- диабет;
- гипертония;
- жүрөк оорусуна чалдыккандар;
- 35 жаштан жогору адамдар.
Кош бойлуу аялдар кайсы учурда коронавируска каршы эмделбеши керек:
- дары-дармекке жана вакцинага аллергиясы болсо;
- COVID-19 менен ооруп жатса;
- коронавирустан айыккан адамдын канынын плазмасы менен дарыланса;
- коронавируска каршы антитела бар болсо;
- тромбоз пайда болуу коркунучу болсо.
"Ошондой эле эксперттер кош бойлуулуктун алдында жана өнөкөт оорулары бар кош бойлуу аялдарга (кош бойлуулуктун 20-22-жумасынан кийин) вакцина алууну сунушташат", - деди Аскеров.