Мамкызматкерлер COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилди

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавирус инфекциясына каршы популяциялык иммунитетин иштеп чыгуу максатында Республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан сырткары Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медициналык жана социалдык кызматкерлерди, ал эми Билим берүү жана илим министрлигине - билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлерди толук эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Ошол эле учурда, бардык конфессиялардын диний кызматкерлерине, коомдук тамактануучу жайлардын, соода, тейлөө, транспорт, банк кызматкерлерине жана башка адамдар массалык түрдө топтолчу ишканалардын кызматкерлерине вакциналарды алуу сунушталат.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн бардык жарандарын өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын ден-соолугун коргоо үчүн аң-сезимдүү болуп, эмдөөдөн өтүүгө чакырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД