Чыңгыз Жумагулов абактан чыкты

Кылмыш дүйнөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун жаза мөөнөтү аяктап, 12-июлда абактан чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттыкка" ырастады.

Маалыматка караганда, Бишкектин Биринчи май райондук соту Чыңгыз Жумагулов боюнча 2020-жылдын 19-июнунда өкүм чыгарган. Судья Адылбек Эсенбаев аны Жазык кодексинин 43-беренеси ("Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү") жана 248-беренеси ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") менен коюлган айып боюнча актаган. Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен күнөөлүү деп таап, беш жылга кесилген. Мамлекеттик айыптоочулар аны 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.

39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектелип 2020-жылы 11-апрелде кармалган. №1 тергөө абагына камалган. Кийинчерээк Чүйдөгүтүрмөлөрдүн бирине которулган.

Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД