Бишкек шаарынын тургундары "Sinopharm" вакцинасын кайсы даректерден ала алышат?
Ленин районунда:
- Ош базарынын аймагындагы "Берекет универсал" соода борбору;
- "Азия Молл" соода борборунда;
Октябрь району боюнча:
- "Таш-Рабат" соода борбору (М. Горький көчөсү №1 г);
- "Космопарк" соода борбору ( Юнусалиев көчөсү №40а (7 мкр.)
Биринчи май району боюнча:
- "Вефа" соода борбору (Байтик Баатыр көчөсү №98);
- "Бишкекпарк" соода борбору (Киев көчөсү №148).
Свердлов району боюнча:
- "Детский мир" соода борбору (пр. Чүй №147/4); -
- "Чынар" базары (Аламүдүн-1 кичирайону, №63/1).
Вакцина алууна каалаган жарандар жанына паспортун алып алышы керек.
11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза вакцина келген. COVAX программасы боюнча Кыргызстанга август айынын ортосунда дагы вакцина келери күтүлүүдө.
Коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган, өлкө боюнча 130 миңге чукул киши вакцина алды.