Рафаэль Физиев UFC 265те Бобби Грин менен беттешет

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев (9-1) "UFC" уюмундагы кезектеги беттешин өткөрөт.

Физиев 7-августта АКШнын Хьюстон шаарында өтө турган "UFC 265: Lewis vs Gane" турниринде мушташары күтүлүүдө. Ал АКШлык Бобби Грин (27-11) менен күч сынашат.

Бул Физиев үчүн "UFC" уюмундагы бешинчи беттеш болот. Буга чейин кыргызстандык спортчу 1 ирет жеңилип, 3 жолу катары менен жеңишке жетишкен.

Ал эми анын атаандашы Грин "UFC" уюмунда 15 беттеш өткөрүп, 8 жолу жеңишсе жетишсе, 6 ирет жеңилүү ызасын тарткан. 1 беттешинде тең чыгуу катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД