Токио шаарында (Япония) өтүүчү Олимпиада оюндарына Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасынын акыркы курамы аныкталды.
Күрөш боюнча мелдеш Токиодо 1-7-августта өтөт.
Токиодогу оюндарга Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасынын курамында рекорддук сандагы спортчулар барат - 9. Буга чейин 2004-жылы Афины Олимпиадасына 8 балбан катышкан.
Жалпысынан Токио оюндарына чейин Олимпиада оюндарында Кыргызстандан 34 балбан катышкан.
2021-жылы - 9
2004-жылы - 8
2016-жылы - 7
2000-жылы - 6
2008-жылы - 5
1996 жана 2012-жылы төрттөн балбан катышкан.
Токио олимпиадасына Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасынын курамы:
Грек-рим күрөшү
60 кг чейин - Жоламан Шаршенбеков
77 кг чейин - Акжол Махмудов
87 кг чейин - Атабек Азисбеков
97 кг чейин - Үзүр Джузупбеков
Эркин күрөш, эркектер
65 кг чейин - Эрназар Акматалиев
125 кг чейин - Айаал Лазерев
Эркин күрөш, кыз-келиндер
62 кг чейин - Айсулуу Тыныбекова
68 кг чейин - Мээрим Жуманазарова
76 кг чейин - Айпери Медет кызы