Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы селде алты киши каза болду. Дагы эки адам изделүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Арасында бала да бар.
Түндө эки эркектин жана төрт аялдын сөөгү табылган. Алардын тек-жайы такталып жатат.