Орусияда "Мекендештердин балдары үчүн жайкы лагерь" маданий иш-чарасы өттү

Орусияда "Мекендештердин балдары үчүн жайкы лагерь" аттуу маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу Орусиядагы кыргыздардын конгрессинин өкүлү Марсель Салахунов "Фейсбук" баракчасына жазды.

Ага ылайык, 11-июлда Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинде, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында, "Мекендештердин балдары үчүн жайкы лагерь" маданий иш-чарасынын ачылышы болуп өттү. Аталган иш-чара мекендештер арасында руханий жана маданий баалуулуктарды жигердүү өнүктүрүп келе жаткан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, анын ичинде Аян театрынын негиздөөчүсү Айнаш Козубаева, "Ар дайым жанымда турган үй" долбоорунун негиздөөчүсү Дамира Казакпаева жана Москвадагы кыргыз маданий борборунун жетекчиси Мурзабаева Гүлшайыр менен биргеликте уюштурулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга боз үйдү орнотуу процесси, ошондой эле улуттук аспаптар тааныштырылды. Мындан тышкары, катышуучуларга "Шайыр апалар" чыгармачыл тобунун этникалык стилдеги концерттик программасы тартууланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД