Элчилик: Кытай Кыргызстан калкынын 70% эмдөө талабын койгон эмес

Кытай тарап Кыргызстандын калкынын 70 пайызына эмдөө жүргүзүүнү талап кылып жатканы чындыкка дал келбеген билдирүү.

Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

"Кытай өкмөтү "адамдардын жашоосу баарынан жогору" принцибин карманат жана өлкө ичинде эмдөөнү активдүү жүргүзөт. Башка мамлекеттерге калкты эмдөө боюнча эч кандай талап койбойт жана кое албайт. Кытай тарап Кыргызстан менен биргеликте кыргыз- кытай өткөрүү пункттарынын ишин мындан ары өркүндөтүү боюнча аракеттерди көрүүгө даяр",-деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары Кыялбек Мукашев, Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 12-июлдагы жыйынында, Кыргызстан менен Кытайдын чек ара бекеттеринен күнүнө 30-35 гана унаа өткөрүлүп жатканын айткан.

Депутат Осмон Турдумамбетов чек аралардан өткөрүлүп жаткан автоунаалардын эмне себептен аз болуп жатканын сураган.

"Ачыгын эле айтайын, посттордон 30-35 гана унаа өтүүдө. Себеби Кытай менен сүйлөшүүдө, алар калкты эмдөөнү 70 пайызга бүтүрүү керек деген талап коюп жатышат",-деп жооп берген Кыялбек Мукашев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД