Өкмөт селден жабыркагандарга жардам көрсөтөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы сел ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууну тапшырды.

Кырсык орун алган аймакта тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык чараларды ишке ашырууну тапшырды.

Ошондой эле мамлекет тараптан курман болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөсүнө бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөрү айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жана атайын техникалары сел жүргөн жерде кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатат.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел жүрүп, 8 жаранды алып кеткен, алардын алтоонун сөөгү табылган, турак үйлөр да талкаланып, айрым жерлерде унаа жолу, көпүрөлөр жана башка курулуштарга зыян келтирилген.

Мындан тышкары, Баткен облусунун Баткен районундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы сел кырсыгына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу тапшырмалары да коюлду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине күчөтүлгөн тартипте иштөө, зарыл болгон учурда жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга кошумча куткаруучулар тобун тартуу тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД