ИИМ: Москвада кыргыз-тажик жарандарынын урушуна бөгөт коюлду

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев Москвада Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын калайман мушташы тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берди. Анын ырасташынча, өлкөнүн жарандары өз ара араздашкан, бирок калайман мушташка айланып кетпеши үчүн полиция чара көргөн.

"Орусиянын полициясы менен чогуу чыгып түнү менен профилактикалык иштерди кылдык. Полиция мушташ болуп кетпесин деп кыргыздарды да, тажиктерди да милиция бөлүмдөрүнө алып барган. Негизи мушташ бешинчи күнү болгон. Бильярд ойногон жерде урушуп кетишкен экен. Азыр ишти полиция териштирип жатат".

Жанбаевдын сөзүнө караганда, жума күнкү мушташта Кыргызстандын жараны бычак жеген, абалы жакшы.

Орус медиасы 11-июлда калайман мушташта Кыргызстандын эки жараны бычакталганын жазган. Буга байланыштуу топтолгон кыргызстандыктар менен тажикстандыктарды полиция кууп таркатканын, жыйынтыгында 100дөй киши кармалганын билдирген.

Социалдык тармактарда адамдарды кармоо учуру тартылган видеолор тарады. Андан тышкары тажиктерден бычак жеген кыргызстандыктын сүрөтү тарап жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД