Баткен облусунун Кадамжай районунда Халмион базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Халмион айылындагы Халмион базарынын аймагында бүгүн, 13-июль күнү саат 07:05 чамасында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылып, саат 08:30да өрт чектөөгө алынып, 09:15те өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Алдын ала маалыматка ылайык, курулуш каражаттары сатылган контейнердин 432 чарчы метри күйгөн, жабыркагандар жок.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.