Көк чай арыктоого жардам берип, депрессиядан арылтат

Кадимки көк чайдын ден соолукка тийгизген оң таасири зор экенин билсеңиз керек. Сулуулукка да пайдалуу экенинен кабарыңыз барбы?

Көк чайдын пайдасы:

-- суусунду кандырат, токсиндерден тазалайт;

-- эмгекке жөндөмдүүлүктү арттырат;

-- депрессиядан арылтат;

-- бир күндө эки чыны көк чай ичкен адам күн бою сергек жүрөт;

-- көп убактысын монитор, телевизор алдында өткөргөн адамдар үчүн өзгөчө пайдалуу;

-- абасы чаңдуу шаарларда жашаган адамдар көк чайды сөзсүз ичиши керек;

-- зат алмашууну жакшыртат. Бул үчүн 100 грамм сууга 2 грамм көк чайды демдеп, ага имбирь, корица, лимон же жалбыз кошуп ичиңиз.

Көк чай арыктоого жардам берет

Көк чай ичүү менен бир күндө 1-2 килограммга арыктоого болот. Бул үчүн 1 литр сүткө көк чайдан себелеп демдеп, аны күн бою ичип жүрүңүз. Эгер сүттү сүйбөсөңүз, көк чайды кадимкидей демдеп алып, ага теңме-тең кылып сүт кошуңуз (бир литр кайнак суу, бир литр сүт). Буга бал кошуп ичсеңиз да болот. Натыйжада организмдеги ашыкча суулардан арылып, салмагыңыз бир калыпка келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД