Шейшемби - 20-июль Кыргызстанда эс алуу күнү болот. Бул күнү кыргызстандыктар Курман айт майрамын белгилешет, деп билдирди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.
Ошондой эле министрлик 19-июлда жумуш күнү 1 саатка кыскарат деп кошумчалады.
Курман айт ажылык жөрөлгөсүн - Меккеге (Сауд Арабия) зыярат кылууну жыйынтыктап, курмандык чалынат.