УКМК: Тажикстандан келген контрабандалык жүк кармалды

Тажикстандан Кыргызстанга контрабандалык жүк ташып өтүү аракети уланып жаткандыгы аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, 13-июлга караган түнү жергиликтүү элдик сакчылар Тажикстандан Кыргызстанга 4 тонна жүзүм жүктөлгөн унааны кармашкан.

Мыйзамга ылайык чара көрүү максатында Бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Turmush басылмасынын жазганына караганда, 13-июлга караган түнү элдик күзөтчүлөр Баткен районунун Ак-Татыр айылында жүк ташуучу кичи автобустардын бирин токтотушкан. Анда болжол менен 4 тонна жүзүм болгон.

Жүзүм Тажикстанда жүктөлүп, Лейлек району аркылуу өткөн. Унаалар кармалгандан кийин окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү барышкан.

УКМК Кылмыш-жаза кодексине ылайык, аткезчилик кылмыш иш болуп саналарын эскертет. Ага катышкан адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Азыркы учурда Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасы убактылуу жабык жана товарларды, жарандарды, транспорт каражаттарын өткөрүү токтотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД