Эки баласы менен жолдо каза болгон келиндин жакындары митингге чыкты

Жол кырсыгынан каза тапкан 33 жаштагы келиндин жакындары Ысык-Көл облустук сотунун алдына митингге чыгышты.

Сары-Камыш айылынан келген 50дөн ашык адам соттон адилет өкүм чыгарууну талап кылууда.

"Бүгүн отурум болуп атат. Биздин үч балабыз жер кучактап жатып калды, милиция кызматкеринин жашы жете элек баласы бала, биздики бала эмес бекен? Кан жутуп отурабыз. Бул милиция кызматкери былтыр да ушул эле автоунааны мас абалында башкарып, жол кырсыгына учураганы Интернетте кеңири жайылган. Ал да эске алынбай боштондукка чыгып кетип жатканы акылга сыйбаган иш", - деди каза болгон келиндин кайненеси Айнаке Калиева.

Ушул тапта иш сотто каралып жатат. Экинчи тарап бул тууралуу комментарий бере элек.

12-июнда Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунда "Мерседес -210" автоунаасын айдоочулук күбөлүгү жок айдап келаткан Тоң районунун тургуну (М.А.) жол четинде турган башка машинени сүзгөн.

Кырсыктан токтоп турган автоунаанын ичиндеги 33 жаштагы келин төрт жана бир жаштагы кызы менен мүрт кеткен.

"Мерседес -210" үлгүсүндөгү автоунаанын ээси Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, капитан Ж.Т. экени айтылган. Ал кырсык болгон учурда жүргүнчү катары бара жаткан.

21-июнда Ысык-Көл райондук соту милициянын капитанын (Ж.Т.) үй камагына чыгарган. Сот мунун себебин айыпкердин жашы жете элек баласы бар экени менен түшүндүргөн. Буга макул болбогон райондук прокуратура арыз менен облустук сотко кайрылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД