Президенттик администрациянын кызматкерлери эмдөөдөн өтүүдө

Президенттин администрациясынын кызматкерлери коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо кампаниясынын алкагында эмдөөдөн өтүшүүдө. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавирус инфекциясына каршы популяциялык иммунитетин иштеп чыгуу максатында Республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырган.

Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылган.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров өлкөнүн бардык жарандарын аң-сезимдүү жүрүм-турумдун үлгүсүн көрсөтүп, ден соолукту сактоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Адистердин айтымында, эмдөөдөн өтүү өзүн жана башкаларды инфекциядан сактоонун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД