Ысык-Көлгө 10 жашар бала чөгүп кетти

Ысык-Көлгө 10 жашар бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-июлда саат 15:40тар чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу айылында көлгө 10 жашар Ч.А аттуу бала чөгүп кеткен. Аны издөөгө 4 куткаруучу тартылган. Саат 21:30да караңгы кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган.

Бүгүн 14-июль күнү 10 куткаруучу, 5 милиция кызматкери, жергиликтүү калктан 25 адам тартылып издөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД