Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Италиядагы кинофестивалга катышат

Режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Италиядагы "Religion Today" кинофестивалына катышат. Бул тууралуу "Кыргызфильм" киностудиясынан билдиришти.

Аталган тасма фестивалда бир нече номинацияларга, анын ичинде F.A. Bonporti консерваториясынын калыстардын атайын сыйлыгы сынагында "Мыкты саундтрек" катары көрсөтүлгөн.

Кинофестиваль 22-29-сентябрь күндөрү болуп өтөт.

Эскерте кетсек, "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Ал буга чейин эл аралык фестивалдарда бир нече сыйлыктарды алган.

"Шамбала" тасмасы 24-сентябрдан 9-октябрга чейин Испанияда өтө турган Imagine India Film Festival эл аралык кинофестивалына да катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД