Кыргызстанда бир айда 1 млн 250 миң кишини эмдөө пландалууда

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бир айда 1 млн 250 миң кишини коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республикада 140 миң 922 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алышты. Ал эми 84 миң 147 ге вакцинанын эки дозасы тең сайылды.

Кыргызстанда эмдөө үчүн Кытайдын "Синофарм"жана Россиянын "Спутник V" вакциналары пайдаланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД