Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитенинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июлда УКМКнын терроризмге каршы иш-чараларынын жүрүшүндө диверсиялык аракеттерди уюштурууну пландаштырып жаткан "М.А." аттуу чет өлкөлүк адамдын ишине бөгөт коюлду.

Аталган "М.А." аттуу адам "Жамаат Таухид ва Жихад" эл аралык террористтик уюмунун жигердүү мүчөсү болгон жана ал куралдуу чыр чатактардын аймагынан Кыргыз Республикасына келип, адамдарды өзүнө тартып ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД