Изделип жаткан он беш жашар Айназик менен иниси Ариет табылды

Изделип жаткан он беш жашар Айназик менен иниси Ариет табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ынтымак айылынын тургуну 15 жашар Кудайбердиева Айназик жана анын бир тууган иниси 12 жашар Кудайбердиев Ариет 13-июлда саат 18:00дөр чамасында үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Баткен райондук ичи иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, бүгүн 14-июль күнү саат 12:00дөр чамасында Баткен шаарында жүргөн жеринен табышкан. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жаш өспүрүмдөрдүн ата-энеси миграцияда болгондуктан чоң энесине өткөрүлүп берилген.

Өспүрүмдөрдүн ден соолугу жакшы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД