"Дельта" штаммы эмдөө жай жүргөн аймактарда тарап жатат

Саламаттык сактоо тармагынын адистеринин айтымында, вакцинациянын жай жүрүшү дүйнөдө коронавирустун "дельта" түрүнүн жайылышына шарт түздү.

13-июлда Индонезия, Колумбия, Британия, Испания жана Кошмо Штаттарда күнүмдүк көрсөткүч 30 миңден ашты. Бул мамлекеттердин жетекчилери калкты эмделүүгө чакырып, коронавирус вакцинация төмөн болгон райондордо тез жайылып жатканын билдиришти.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, АКШ да илдетке чалдыккандардын күнүмдүк көрсөткүчү бир ай мурункуга караганда эки эсе жогорулаган.

Калкынын 31% гана эмделген Алабама штатында 20-июнда ооруканага жаткандардын саны 75 пайызгы өскөн.

Дүйнөнүн бир катар башка шаарларында, анын ичинде Сидней, Жакарта, Сеул жана Куала-Лумпурда дагы коронавирустун "дельта" түрү менен ооругандар көбөйдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД