Айбек Жунушалиев эмдөөдөн өттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жунушалиев коронавируска каршы эмделүү маанилүү экенин айтып, жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырган.

Белгилей кетсек, азыр Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү жүрүүдө. Анын алкагында, президентинин администрациясынын, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, мамлекеттик орган кызматкерлери эмдөөдөн өтүүдө.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев август айынын ортосуна чейин Кыргызстанда 1 млн 250 кишини эмдөөдөн өткөрүү пландалып жатканын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД