Москвадагы массалык мушташтын алты катышуучусу 15 күнгө камалды

Москва соту "Кузьминки" метро станциясынын жанындагы калайман мушташтын алты катышуучусун 15 суткага административдик камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, соттолгондор ""Жыйындарды, митингдерди жана демонстрацияларды өткөрүү эрежелерин бузуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Түрдүү маалыматтар боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган 50дөн 200гө чейин мигрант катышкан 11-июлдагы мушташтан кийин полиция жүздөн ашык кишини кармаган. Бычактан жаракат алган бир нече адам ооруканага жеткирилген.

Кармалгандарга "Уруксат берилбеген митингге катышуудан" тышкары "Орусияда жүрүү эрежелерин бузуу" жана "Майда бейбаштык" беренелери боюнча да айыптар тагылган. Мушташтын айрым катышуучулары Орусиядан чыгарылып, өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД