Нурзат Токтосунова:Өлкөнү көтөрүш үчүн, биринчи өзүбүздү көтөрүүбүз керек

"Адамдын ички дүйнөсү жүдөсө, сырткы келбети да жүдөй баштайт. Ички абалы оңолгон адам жер карабай, денесин түз кармап басат. Башы көтөрүлгөн адамды эч ким жер карата албайт экенин унутпайлы. Адам көзү эң мыкты экран. Кыргыз көзгө тике карап сүйлө деп көп эскерткен улут. Дарыгерлер да адамдын биринчи көзүн карашат.

Мен сиздин ар дайым жылмайып, бакытты ичтен сезип, дүйнөңүз тынчтанып, улуу максаттар менен жашооңузга чын жүрөктөн тилектеш болгон кыргыз кызымын.

Өлкө экөөбүзгө муктаж. Өлкөнү көтөрүш үчүн, биринчи өзүбүздү көтөрүүбүз керек! Ар дайым тоонун башындагы арча болууга аракет кыл, эгер болбой калсаӊ мейли талаадагы бадал бол. Бирок ошол жердеги эң мыкты бадал сен болушуӊ керек!

Сен чоң жол болууга сөзсүз аракет кыл, мүмкүн кандайдыр себептер менен кичинекей жол болуп калаарсыӊ. Бирок ошондо да кичинекей жолдор арасындагы эң мыкты жол сен болушуӊ керек! Сен эмне болсоӊ да ошонун мыктысы, тыңы болушуң зарыл! Көтөр башты",-деп жазды алып баруучу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД