Достукка доо кетире албай жаткандар кимдер?

Ачыгын айталы, бүгүнкү күндө социалдык тармактар "мусорлорго", карандай калптарга, ушак, имиштерге жык толду. Өкүндүргөнү, элдин бир бөлүгү андай маалыматтарга ишенип алышып, чындык катары аларды таркатып, жалган, ушактардын көбөйүшүн гана күчөтүүдө.

Президент С. Жапаров менен УКМК төрагасы К. Ташиевдин ортосун кара мышык аралаптыр, достукка доо кетиптир деген мазмундагы маалыматтар социалдык тармактарда жүргөнүнө көп болду. Эми "достугу бузулуптур" деген маалыматтарга көпчүлүк ишенбейт экен, минтип жалганды чындыкка айланта албайт экенбиз" дешкенби, ким билсин, "К. Ташиев чоң муштумдугуна салып, Жапаровдун көзүнө муштап салыптыр" деген маалыматтарды тарката башташты. Бул жөн гана ойдон чыгарылган ушак экени айтпаса да түшүнүктүү. Мындай каралоолорду, дискредитациялоо аракеттерин эки достун достугу бузулушун каалагандар, бири бирине кайраштыруу менен Ташиевди УКМК төрагалыгынан кетирүүнү көздөгөн күчтөр жасап жатканын саясатты түшүнгөн ким болбосун билип эле турат. Болбосо, "президенттин козүнө муштап салыптыр" дегенге ким ишенет? Сыягы, Ташиевди алсыздандырып, таасирин төмөндөтүүнү каалагандар иши кылып унчукпай калбай, ушундай маалыматтарды байма бай чыгарып, таркатып тура беришибиз керек деген принцип менен иш алып барып жатышат окшойт...

Ташиевди каралап, эл көзүнө мокочо көрсөтүү аракеттеринин болуусу бир жагынан мыйзам ченемдүү эле. Анткени, Ташиев коррупция, мыйзамсыз баюу менен айыптап, камап, жегендерин, уурдагандарын "кустуруп" жатса, ал адам кимге жаксын? Албетте, душмандарын көбөйттү, УКМК төрагалыгынан кетирсек деген күчтөрдүн катары артты. Миллиондорду "кусушуп" Ташиевге тиш кайрап калгандар Ташиевден кектерин алуу үчүн акча аяшпай тургандыктары турган иш. Ташиев коррупия менен күрөшүн уланта берген чакта андай күчтөр каралоо кампанияларын токтотпойт, тескерисинче күчөтө берерин бөркүбүздөй көрөлү. Атүгүл эки дос тууралуу тирукмуш маалыматтарды "токуп" чыгуулары да мүмкүн.

Жапаров менн Ташиевдин достугуна келсек, экөөсү эң оор күндөрдү баштан өткөрүштү. С. Жапаров абакта отурган учурда К. Ташиев бардык жагынан колдоого алып келди. Аны эркиндикке чыгаруу үчүн болгон аракеттерин көрдү. Кээ бирлердей "сатып ийип", анан бийликке келгенде жанында пайда боло калгандардан эмес. Анын үстүнө эң оор күндөрдө жанында болуп, моралдык да, материалдык да жактан колдоо көрсөткөн досунун кылгандарын унутуп, айрымдардын азгырыктарына азгырылып, алданып, алардын тилине кирип кетүү президент С. Жапаровдун кылар иши эмес. Ортодо ажырым кетиптир дегенден создөрдүн калп экенин президент С. Жапаров да интервьюларында айтып эле келатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД