Кыргызстанда сабиз арзандай баштады

Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кабарлады. "Сабиздин жаңы түшүмү жыйнала баштагандыктан жана агенттиктин аракеттеринен улам базарларда сабиздин баасы жөнгө салынып, арзандай баштады",-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Азыр базарларда сабиздин орточо баасы 50 сомдун тегерегинде.

Агентик өткөн айда сабиздин баасы жогорулап кеткенинен улам Чүй облусундагы бир нече ишкерге байланыштуу териштирүү жүргүзгөн. Мекеменин башчысы Кеңешбай Тайлаков парламентте бул жагдайда "кызыл кулактык" бар экенин айткан. Топтолгон материалдар тийиштүү органдарга берилерин билдирген.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги сабиздин кымбаттаган себебин суроо-талаптын көбөйгөнү менен дагы байланыштырган.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр беш айда 13 миң тонна экспорттолсо, быйылкы жыл башынан тартып 31 миң тонна сабиз сыртка сатылган.

Кыргызстанда сабиздин баасы 100-120 сомго чейин чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД