Депутат Ысык-Көлдүн аймагына кирүү үчүн төлөм киргизүүнү сунуштады

Депутат Бактыбек Райымкулов Ысык-Көл облусунун аймагына кирүү үчүн төлөмдү кайра киргизүүнү сунуштады. Мындай сунушту ал Жогорку Кеңештин жыйынында транспорт министринин орун басарына сунуштады.

Транспорт министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна жол акысы киргизиле тургандыгын айтты.

Депутат Бактыбек Райымкулов Ысык-Көлдү бойлой Балыкчыдан Корумдуга кете турган жолдо дагы ушундай төлөм болушу керектигин сунуштады.

"Муну жергиликтүү тургундар өздөрү суранып жатышат, анткени туристтик сезондон кийин көптөгөн таштандылар топтолот, аны жергиликтүү тургундар өзүлөрү тазалашат", - деди Райымкулов.

Ал эми транспорт министринин орун басары бул маселени сөзсүз карап чыгууну убада кылды.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин кызматкеринин айтымында, жалпысынан 10 жылдын ичинде өкмөт өлкөдө жолдорду куруу үчүн кредиторлордон 2 миллиард 500 миллион доллар карыз алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД