Чүйдө нөшөрлөгөн жаандан кийин жолдорду сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-июнда саат 17:30 чамасында Сокулук районунда катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел агып Сокулук айылынан Төш-Булак айылына жана Кашка-Суу жайытына баруучу унаа жолдун болжол менен 2-3 чакырым аралыгын суу каптаган.
Учурда унаа жолу ачык, жол кыймылына тоскоолдук жараткан жок. Төш-Булак айыл аймагына 1 экскаватор тартылып, унаа жолду тазалоо иштерин жүргүзүп, кеч киргендигине байланыштуу жумуш убактылуу токтотулган, бүгүн 15-июль күнү улантылат.