"Ысык-Көл" аэропорту Москвадан алгачкы каттамды тосуп алды. Бул тууралуу Эл аралык "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту бүгүн, 15-июлда "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Москва-Бишкек-Москва жаңы каттамын тосуп алды. Москвадан Д.Лихачев атындагы Airbus A320 учагы менен 79 жүргүнчү учуп келишти.
Бул каттам жумасына 3 ирет - дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү жүрүп турат.