Дайынсыз болуп жаткан Айжан Нишанбай кызы изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ак-Татыр айылынын тургуну 22 жаштагы Айжан Нишанбай кызы 13-июль күнү саат 15:30дар чамасында Баткен шаарындагы убактылуу жашап жаткан батиринен чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Кийген кийимдери: Башында кызыл түстөгү жоолук,үстүндө кызгылт түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү юбка, бутунда кызгылт түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.
Белгилери: бою 160-165 см, ак жүздүү кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү арыкчырай. Психикалык жактан жабыркабайт
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кызды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.
Тел: 03622 102, (5 00 68)
0776 70 15 70
0507 70 15 70