Момбеков: Жаңы шайлоо мыйзамы төртүнчү төңкөрүшкө алып келет

Бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары "Президентти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоорун карап жатышат.

Аталган документти буга чейин парламенттин тармактык комитети талкуулаган.

Депутат Рыскелди Момбеков бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жалаң байлардын келишине жол ачат деп сындады. Былтыр октябрда өткөн парламенттик шайлоодо айтылган нааразылыктар эске алынбаганын, бул мыйзам менен жаштар парламентке келе албай турганын кошумчалады.

-Бул мыйзам иштебейт. Былтыр парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы болуп чыккан жаштар бул мыйзам менен шайланып келе алышпайт. Силер документти татаалдаштырып, кайра алып келдиңер. Муну менен парламентке банкирлер, базаркомдор, бандиттер, олигархтар келет, башкалар келе алышпайт. Былтыр шайлоонун жыйынтыгын эл нааразылыкка чыккандан кийин гана жокко чыгардыңар. Эми бул мыйзамды ошол нааразылыктар эске алынуу менен иштелип чыкты деп жатасыңар, эске алынса, ошол шайлоонун кесепети эске алынышы керек болчу. Канча бала көзү сокур болуп калды, майып болуп калды. Шайлоого күндөн-күнгө эл ишенбей калды, президеттик шайлоого катышкандардын саны 40 пайызга жетпей калды, референдумга катышуу 30 пайыздан ашпай калды. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышуу 25ке жетпей калды. Шайлоочулардын санынын 20 пайызы бул Кыргызстандын калкынын 10 пайызы. Бул мыйзам төртүнчү төңкөрүшкө алып келет. Себеби бул мыйзам менен врачтар, мугалимдер, же башка жөнөкөй жарандар депутат болуп шайланып келе албайт, жалаң байлар келет. Бул шайлоо эмес, бул бизнесмендер үчүн жарыш.

Момбеков элдин өзүнүн талакерин тандоо укугунан ажыратпоого чакырды. Эл партияны эмес, талапкерди тандашы керектигин айтты.

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады.

Мыйзам долбоорун президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ иштеп чыккан, автору катары өлкө башчы көрсөтүлгөн.

Садыр Жапаров сунуштаган мыйзам долбоору жаңы Конституцияга шайкеш келтирүүгө багытталган. Ага ылайык, 90 депутатты аралаш (паралелдик) система менен шайлоо үчүн жаңы шайлоо системасын киргизүү сунушталууда.

35 депутат бир мандаттуу округда мажоритардык система менен, 55 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык система менен (партиялык тизме менен) шайланат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, мыйзам долбоору былтыр өткөң парламенттик шайлоодогу элдин нааразычылыгын эске алуу менен жазылган.

Мурдагы Конституция боюнча Жогорку Кеңеште 120 депутат партиялык система аркылуу шайланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД