Ичимдиктин аталышын "Манас" деп коюга тыюу салган мыйзам сунушталууда

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Манас" эпосу тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Токтом долбооруна ылайык, алкоголь жана тамеки өнүмдөрүнүн аталыштарында "Манас", "Семетей", "Сейтек" терминдерин жана алардын негизинде түзүлгөн сөз (сөз айкаштарын) колдонууга тыюу салынат. Мыйзамды бузган юридикалык жактарга жана адамдарга Бузуулар кодексине ылайык айып салынат.

"Манас" – кыргыз элинин баатырдык эпосу. Ал дүйнөдөгү эң чоң эпос болуп саналат. "Манас" дастаны ЮНЕСКонун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастары тизмесине киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД