Бишкек-Ош унаа жолунда "Спинтер" ала салып кетти

Бишкек-Ош унаа жолунда "Спинтер" ала салып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 15-июлда саат 08:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 250-чакырымында Токтогул району аркылуу өткөн бөлүгүндө болгон. Анда "Спинтер" үлгүсүндөгү унаа кырсыкка учурап, ала салып кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен 1988-жылы төрөлгөн Т.Э. аттуу адам жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда абалы жакшы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД