Кыргызстанда айт намазы мечиттерде окулат

Курман айтка карата намаз аянттарда эмес мечиттерде окулат. Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам кабыл алынганын муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев кабарлады.

"Бардык санитардык эрежелерди сактоо менен мечиттерде гана окулат", - деди ал.

Курман айт майрамы быйыл 20-июль, шейшемби күнү белгиленет.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам май айында да айт намаз аянттарда эмес, мечиттерде гана окулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД