Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ВИЧ оорусу менен жашаган 10 756 адам бар, анын 10 158и Кыргызстандын жарандары. Бул тууралуу Республикалык "СПИД" борборунан алган маалыматка таянуу менен "Барометр" маалымдайт.
ВИЧ-инфекциясынан 2 337 адам көз жумду, анын ичинен СПИД менен ооругандар 729 адам.
Республикалык "СПИД" борбору ВИЧ дартын экспресс-тестке алуу боюнча бир айлыктын жарыяланганын билдирди.
Өнөктүктүн алкагында жарандарга ВИЧ/СПИД көйгөйү тууралуу маалымат берилет. Каалоочулар экспресс ыкма менен ВИЧ-инфекциясына текшерүүдөн өтсө болот.
Мындай акциялар баардык областтарда болот.