Чүйдө суу сактагыч куруу пландалууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Бурулдай суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чүй облусундагы Чоң Чүй каналынын бүткөрүлө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Бурулдай суу сактагычын, айланма экинчи Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү маселеси каралды.

Кенешменин жыйынтыгы боюнча Айбек Жунушалиев үч министрликке тиешелүү тапшырмаларды берген:

- Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине – жердин топографиялык сүрөттөлүшүн жыйынтыктоо, ошондой эле суу обьектилеринин долбоордук-сметалык документтерин даярдалышын тездетүү;

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте айланма Чүй магистралдык каналынын тилкесинде жердеги курулуш иштерин жүргүзүү боюнча сунуштарды киргизүү.

- Энергетика жана өнөр жай министрлигине электр энергиясын мындан ары иштеп чыгуу үчүн гидроагрегаттарды орнотуу боюнча сунуштарды киргизүүсү, ошондой эле чакан гидроэлектростанцияларды күчтөндүрүү жана жаңыларын куруу боюнча иш жүргүзүү.

Кеңешмеге айыл министри Аскарбек Жаныбеков, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев, Министрлер кабинетинин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишевдер катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД