Муфтий Замир Ракиев эмдөөдөн өттү

Бүгүн, 15-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан Ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн өтүштү.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатвасын чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД