ЮНИСЕФ Кыргызстандын 100 мектебин планшет менен камсыз кылат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Бакашова уюмга пандемия кесепеттерин жоюуда көрсөтүп жаткан колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана калкты вакцинациялоо кампаниясы тууралуу айтып берди.

Ал июль айынын аягында өлкөгө Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасы алынып келери пландалып жатканын айткан. Андан тышкары COVAX программасы боюнча AstraZeneca вакцинасы, медициналык шаймандар, дары-дармектер жана муздаткычтар келери күтүлүп жатканын белгилеген.

ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм уюм Министрлер кабинетинин кайрылууларын карап чыгып, артыкчылыктуу багыттары боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коронавируска каршы күрөшүү маселелерин, ошондой эле жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына мамлекеттик социалдык колдоону жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Кристин Жольм Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 400 мектеп тандап алынып, аларга гигиеналык комплекттер берилерин жана 100 мектеп планшет менен камсыздаларын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД