Кыргыз спортчулар олимпиадага кийе турган форманы тиккен дизайнердин маеги

Кыргызстандык спортчулар Токиодо өтө турган жайкы олимп оюндарына кийип бара турган параддык форманын сүрөтү интернетке жарыяланганда анын тегерегинде түркүн талкуулар жаралды. Айрымдар сынга алса, айрымдар мактоого алууда. Мына ушул спортчулардын кийимин DILBAR мода үйүнүн чеберлери менен бирге тиккен дизайнер Дильбар Ашимбаева анын күңгөй-тескейи тууралуу айтып берди.

Белгилей кетүүчү нерсе дал ушул DILBAR мода үйү кыргызстандык спортчулар 2012-жылы жана 2016 - жылы өткөн олимп оюндарына кийип барган формаларды да тиккен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД