Мындай пикирин Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доган VB.KG`ге маек берип жатып билдирди.
"Орхан Инандыны үч жыл мурун Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылганбыз. Ал террордук уюмду түзгөн жана жетектеген деп айыпталган. Анын Түрк жараны экендигин биз ошол кездеги кыргыз бийлигине кабарлаганбыз. Азыркы окуяларга таң калып жатам" - дейт элчи.
Маектин толук версиясын төмөнкү видеодон көрсөңүз болот.