Ысык-Көлдө жоголгон 3 жашар кызды атайын отряддын жоокерлери таап беришти

Ысык-Көлдө жоголгон 3 жашар кызды атайын отряддын кызматкерлери таап беришти. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июлда Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатында көл жээгинде эс алып жаткан жергиликтүү тургундардын 3 жашар кызы жоголуп кеткен. Өздөрү кызын табууга жумшаган аракеттеринен натыйжа чыкпай, коомдук тартипти көзөмөлдөп жаткан милиция кызматкерлерине кайрылышкан.

Облустук милициянын атайын операция отрядынын жоокерлеринин үч саатка созулган издөө иштеринен кийин жоголгон кыз пансионаттан 500 метр алыстыктан табылып, ата-энесине тапшырылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД