Этникалык кыргыздар үчүн жарандык алуу жөнөкөйлөтүлдү

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти 20-июлдан тарта жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул эреже президенттин 8-июлдагы "Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу" Жарлыгына ылайык, этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз улутундагы адамдарга гана тиешелүү.

Мамлекет башчысынын Жарлыгы этникалык кыргыздардын укуктук статусун жөнгө салууга багытталган. Ошондой эле республиканын аймагындагы чет өлкөлүк паспорттору жана башка өздүгүн тастыктаган документтери жок же документинин жарактуу мөөнөтү өткөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдар үчүн.

Бул эреже 2022-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД