Жогорку соттун төрайымы калп аныктоочу детектордон өтөт

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Макешовдун калпты аныктоочу детектордон өтүү сунушун кабыл алды. Мындай сунуш 15-июлда парлементтин жыйынында соттор тууралуу мыйзам долбоор талкууланып жатканда айтылган.

Макешов анда сотторду тандоо маалында талапкерлерди калпты аныктоочу детектордон өткөрүү өңдүү жобо киргизүү керектигин айтып, Бакированын буга байланышуу пикирин сураган жана үлгү болушу үчүн аны калп аныктоочу детектордон биринчи болуп өтүүгө чакырган.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Нургүл Бакирова депутаттын сунушун кабыл алганын билдирди. Ал калпы аныктоочу детектордон качан, кантип өтөрү азырынча маалымдала элек.

Жогорку Кеңеш 15-июлда сот тармагына байланыштуу беш конституциялык мыйзам долбоорду биринчи окуудан карады.

Президент Садыр Жапаров демилгечи болгон бул документтер сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоого багытталганы айтылган. Андагы айрым беренелер укук коргоочулардын, жарандык коомдун сынына кабылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД