Кыргызстанда кытайлык вакцинаны чыгарган заводду куруу маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова "Тынчтык үчүн саякат" Бээжин маданий алмашуу борборунун төрагасы Шао Чаньчунь менен жолугушту. Бул тууалуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина чыгарган заводду куруу жана чөп-чардын негизиндеги кытай өндүрүшүндөгү дары-дармектерди колдонуу жаатында кызматташуу маселеси талкууланды.

Жылдыз Бакашова Кытайга коронавирус пандемиясы учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал ишкерлер үчүн жакшы шарттарды түзүү, инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо өкмөттүн артыкчылыктуу иштеринин бири экенин белгилеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД